Жаратылыш министрлигинин Бишкек–Чүй региондук башкармалыгынын жаңы имараты курулууда

Коом Загрузка... 18 Октябрь 2025 14:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 18.10.25. /Кабар/. Күн мурун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Бишкек–Чүй регионалдык башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага министр Медер Машиев жана министрликтин кызматкерлери, экология тармагындагы адистер катышты.

Үч кабаттуу жаңы административдик имарат кызматкерлерге заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Жаңы имаратты 11 айда пайдаланууга берүү пландалууда.

Медер Машиевдин айтымында, экология маселеси бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлдеги эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгондуктан, Кыргызстан да бул багытта өзүнүн чечкиндүү аракеттерин көрүп жатат.

“Жаңы имарат – бул жөн гана курулуш эмес. Бул жаратылышты коргоо жаатындагы мамлекеттик институттарды чыңдоо, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү жана адистер үчүн жакшы шарттарды түзүүчү ишенимдүү кадам. Президент Садыр Жапаров экологияны коргоо маселелерине өзгөчө маани берет. Ал өзү браконьерликке каршы рейддерге чыгып, дайыма таштанды тазалоо акцияларына катышып, мамлекеттин чечкиндүү жана принципиалдуу позициясын үлгү катары көрсөтүп келет. Экология ар бир жарандын көңүл борборунда болушу керек”, - деди ал.