Эркин экономикалык аймактарда өндүрүштүк долбоорлор кеңеет

Коом
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 14.17.56.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда эркин экономикалык аймактардын жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды беришти.

Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана эркин экономикалык аймактарда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүндө жаралып жаткан актуалдуу маселелер жана ата мекендик, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар каралды. Аймактардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, учурдагы тоскоолдуктарды жоюу жана жаңы өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында эркин экономикалык аймактардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартуу боюнча ишти күчөтүүгө багытталган мындан аркы милдеттер аныкталды.