Жарандарга сасык тумоонун алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелер сунушталды

Ден соолук Загрузка... 04 Ноябрь 2025 10:55
4.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) алдын алуу үчүн жарандарга жөнөкөй эрежелерди сактоону эскертти.

Атап айтканда, дарыгерлер төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

  • жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңузду жана мурунду салфетка же чыканактын ички бөлүгү менен жабуу;
  • организмди суукка же ашыкча ысыкка алдырбоо;
  • өзүңүздү начар сезсеңиз же сасык тумоонун белгилери байкалса — үйдө калуу;
  • санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо: колду дайыма жууп туруу, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо жүргүзүү ж.б.;
  • окуу жана эс алуу режимин сактоо: таза абада сейилдөө, жетиштүү уйку жана туура тамактануу;
  • таңкы көнүгүү жасап, дене тарбия менен машыгуу;
  • бала ооруп калса — толук айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жибербөө жана үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
  • эл көп жерде беткап тагуу жана социалдык аралыкты сактоо.

КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.