Садыр Жапаров Сауд Аравия элчисин дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент 1131 10 Декабрь 2025 17:00
photo_5317023501199806108_y.jpg
photo_5317023501199806109_y.jpg
photo_5317023501199806111_y.jpg
photo_5317023501199806110_y.jpg
photo_5317023501199806112_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5317023501199806108_y.jpg
photo_5317023501199806109_y.jpg
photo_5317023501199806111_y.jpg
photo_5317023501199806110_y.jpg
photo_5317023501199806112_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчиге жемиштүү ишмердүүлүгү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы маанилүү социалдык-экономикалык, анын ичинде жеткиликтүү турак жайларды, ооруканаларды, мамлекеттик мектептерди куруу жана инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышкандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мындан аркы кызматташтык өз ара түшүнүшүү жана ишеним духунда өнүгө берерине үмүт артып, Элчиге мындан аркы кесиптик ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Сауд Аравиясынын элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради кыргыз тарапка анын дипломатиялык миссиясынын мезгилинде көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Падышалык Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө умтуларын ырастады. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жогорку деңгээлге жеткенин жана тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Ибрахим бин Ради Аль-Радини Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.