Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Элибиз күнүмдүк жашоосундагы бардык негизги тармакта Россиянын колдоосун сезип келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” Россия президенти Владимир Путин менен кеңири курамдагы жолугушуусунда айтты.
Анын айтымында, эки элди ондогон жылдар бою бир туугандык мамиле жана өз ара колдоо байланыштырып келет.
“Айрыкча Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы жалпы тарыхыбыз азыркы өнөктөштүктүн пайдубалы болуп калды. Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык, ишенимдүү өнөктөш жана жакын дос бойдон калууда”, - деди президент.
Ал ошондой эле дүйнөлүк геосаясий жана экономикалык оор кырдаалга карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жаңы демилгелер менен кеңейип, туруктуу өнүгүп жатканын кошумчалады.