Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Президент Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мындан аркы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Президент Садыр Жапаров өз кезегинде өзбекстандык кесиптешине жылуу куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ынак коңшулаштык, достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине негизделген кыргыз-өзбек көп пландуу мамилелери эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, чыңдала берерине ишеним билдирди.
Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.