Жаңы окуу жылында өлкө боюнча 57 мектеп жана 20 бала бакча ачылат

Билим Загрузка... 25 Август 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-08-25 at 17.05.32.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. 2025-2026-окуу жылында өлкө боюнча 57 жаңы мектеп жана 20 жаңы бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары айрым мектептерде ири капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, алар жаңы окуу жылынын башында ачылбайт.

"Мындай мектептердин окуучулары убактылуу атайын ылайыкталган имараттарда же жакынкы башка мектептерде билим алышат. Аларга шарттар түзүлөт", - деди министр.