Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 53 миң 879 адам катталды

Билим Загрузка... 16 Апрель 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-04-16 at 14.09.18.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 53 миң 879 адам катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Билим берүүнү баалоо жана окутуунун усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге чукул адам катталган.

“Бул быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн былтыркыга караганда көбүрөөк болгондугуна байланыштуу. Алдыда дагы кошумча каттоо өткөрүлөт. Тестирлөө болжол менен 15-майдан 22-майга чейин болот. Учурда биз кабарлоо баракчыларын даярдап жатабыз. Ар бир катталган адам кабарлоо баракчасы менен тестирлөө катышууга болот деген мүмкүнчүлүк алат”,-деди ал.