Жалпы республикалык тестирлөө кандай өттү? Рекорддор жана жыйынтыктар

Билим Загрузка... 27 Июнь 2025 17:00
1304456.b01e05da659.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

2025-жылы Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) тарыхый рекорд менен белгиленди — максималдуу балл 242ни түздү. "Алтын сертификатты" 54 бүтүрүүчү алат, алардын арасында Бишкек шаарынан гана эмес, аймактардан дагы бүтүрүүчүлөр бар.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева, билим берүү тармагынын эксперти Чынарбүбү Козубекова жана Бишкек шаарындагы №61 мектептин бүтүрүүчүсү Айбийке Жакшылыкова (235 балл алган) тестирлөөнүн жүрүшү, сертификаттардагы каталар, эрежелердин бузулушу жана бүтүрүүчүлөрдүн жеке окуялары тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринен айтып беришти.

Белгилеп кетсек, "алтын сертификат" алгандардын 38и Бишкек шаарындагы мектептерден, ал эми калганы Жалал-Абад облусу, Нарын, Кант, Кара-Балта, Балыкчы жана Каракол шаарларынан.

Негизги тестирлөө этабы май айында өтүп, катыша албагандарга июнь айында тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилген. Өлкө боюнча 127 тест өткөрүү пункту иштеп, тестирлөөгө 56 миң 160 окуучу катышкан.

2025-жылы жогорку окуу жайларга кабыл алуу процесси дагы ыңгайлуу болду: абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлигинин сайты аркылуу онлайн документ тапшырып, университетти, адистикти тандап, арыз бере алышат.

Каталар жана баллдарды кайра эсептөө

Чынара Батракеева түшүндүргөндөй, сертификатта аты-жөнүндө каталар болсо — мисалы, фамилия же ысымында — аларга паспорттун көчүрмөсү менен сертификатты жөнөтүү керек. "Биз аны акысыз алмаштырабыз. Мындай каталар мектепте же онлайн катталууда болушу мүмкүн, бирок баары чечилет", — деди ал.

Ошондой эле баллдарды кайра эсептөө процедурасы 1-июлдан 11-июлга чейин Бишкек шаарында консультация түрүндө өтөт.

"Кайрылгандан кийин биз консультациянын убактысы жазылган талон беребиз. Мисалы, бүгүн кайрылсаңыз — 2-июлда саат 14:00дө чакырабыз. Бул убакыт конкреттүү баракты табуу жана текшерүүгө даярдоо үчүн керек. Биринчи күндөрү өтө көп кайрылуулар болот, бирок кийин катышуучулар жыйынтыктардын тактыгына ишенген сайын агым азаят", — деп кошумчалады Батракеева.

Тартип бузуулар жана четтелүүлөр

Кыргыз тилинен милдеттүү тестти тапшырбагандар, болжол менен 189 адам — сертификат албайт.

Ошондой эле телефон колдонуу, же тестти башка адамдын атынан тапшыруу сыяктуу себептер менен четтелүүлөр болгон.

"Бир окуучу үч телефон алып келип, тапшырмаларды сүрөткө тартып, досторуна жиберген. Биз анын ким экенин аныктап, тесттен четтеттик. Паспортту жасалма жасоо аракеттери да болгон. Бардык учурлар камералар менен катталган. Бул адамдар кышында кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат, бирок жаңы эрежелер боюнча", — деди Батракеева.

Жеке тажрыйба: 235 баллга жетүү жолу

61-мектептин бүтүрүүчүсү Айбийке Жакшылыкова кантип 235 балл алганы жөнүндө айтып берди. "Негизги ролду мектеп ойноду. Мен даярдыгымды февраль айында баштадым: бир жарым ай жеке билим берүү борборунда, андан кийин алтын сертификатка багытталган курстарда окуп чыктым. Мен ушул максатка карай багыт алган элем", — деди ал.

Айбийке сынамык тесттердин маанилүүлүгүн белгиледи. "Алар абдан жардам берди, тапшырмалардын түзүлүшүн түшүнүп жана форматка көндүм. Экзаменден кийин 220 балл алам деп ойлочумун, бирок 235 балл алдым", — деп кошумчалады бүтүрүүчү.

Сынамык тесттер жана психологиялык фактор

Сынамык тесттер онлайн жана офлайн форматта, орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү. Алар ЖРТнын чыныгы форматына максималдуу жакындатылган. Жеке катышуучулар ар жума сайын ишемби же жекшемби күндөрү жогорку окуу жайларда, ал эми мектептер болсо топтук арыз боюнча тапшыра алышат.

Эксперт Чынарбүбү Козубекова белгилегендей, жакшы даярданган окуучу да кээде коркуп, өзүн жоготуп коюшу мүмкүн. "Баары мотивацияга жана маанайга байланыштуу. Биз тапшырмаларды мектеп программасынын чегинде, бирок логикалык ой жүгүртүүгө басым жасап түздүк", — деди ал.

Бул жылы айрым бүтүрүүчүлөр Россия, Кытай жана башка өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырышты. Аларга ЖРТ керек болгон жок, бирок билимин текшерүү үчүн катышкандар дагы болду.

Бул жылдын статистикасы

2025-жылы катышуучулардын 67,3пайызы 110 баллдык чектен өттү. Орточо балл өлкө боюнча 127,3 болду.

Бермет Жумабекова