Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Жалал-Абаддан Кытайга рудалар, асыл таштар, концентраттар жана пахта экспорттолууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы Жалал-Абад облусу менен Кытайдын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 127 млн 752 миң долларды түзгөн.
“Тышкы соода жүгүртүүнүн ичинде экспорт 48 млн 631 миң долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 104,2% жеткен. Импорт 79 млн 121 миң долларды түзүп, өсүү темпи 107,3%га камсыздалды. Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,3% түздү. Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында 14төн ашык биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Алардын ирилери "Кичи-Чаарат" компаниясы, “Фулл Голд Майнинг”, “ОРИС НПЗ” ишканаларын жана Ноокендеги чийки мунай өндүрүүчү кыргыз-кытай ишканалары”, - дейт Текебаев
Андан тышкары, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймакта Кытай тараптын колдоосу менен ишке ашырлып жаткан инвестициялык долбоорлор тууралуу кенен маалымат берди.
“Мисалы, кытайлык Qinji компаниясы менен Жалал-Абад шаарында жылына 10 миң даана өндүрүштүк кубаттуулуктагы авто унаа чогултуучу завод жана атайын жабдууларды куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Инвестициянын көлөмү 1 млрд 100 млн сомду түзөт. Учурда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 40 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси бөлүнүп берилди”, - деди ал.