Жалал-Абаддагы ооруканалардын өрт коопсуздугу текшерилүүдө

Аймак 1021 05 Март 2025 09:24
481568375_1039841681521891_7922254694128321569_n.jpg
481274706_1039841741521885_6687522427190373424_n.jpg
481297594_1039841844855208_2199421379448264099_n.jpg
481815278_1039841874855205_3327606614180134652_n.jpg
481820503_1039841808188545_2939873393145308603_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан ооруканалардын өрт коопсуздугу текшерилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын облустук бөлүмүнүн инспекторлору жана Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн офицерлери Кан борбору жана Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургиялык илимий борборун текшеришти.

Аталган ооруканалардын өрт коопсуздугунун талаптары аткарылышы текшерилип, кемчиликтер бар экендиги аныкталган. Оорукана жетекчилигине 30 күн ичинде коопсуздук эрежелерине ылайык, кемчиликтерди калыбына келтирүүгө эскертүү жазуу түрүндө берилди.

Жалал-Абад облусунда жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мекемелердин баары 28-мартка чейин текшерүүгө алынат. Берилген эскертүүлөр өз мөөнөтүндө аткарылбаса, Кырыгыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 143/434-беренелеринин негизинде айып пул салуу каралат.