Музыкалык мектепке 23 миң сом айып салынды. Себеби

Коом 373 22 Июнь 2026 15:45
728420443_1354008220158850_7830956823681925910_n.jpg
728512139_1354008223492183_5803813649498049593_n.jpg
Алдыга
Артка
728420443_1354008220158850_7830956823681925910_n.jpg
728512139_1354008223492183_5803813649498049593_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан музыкалык окуу жайда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Укук бузуулар кодексине ылайык, мекемеге 23 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле мекеменин жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюуга милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.