Жөнөкөй эрежелер сакталбай өрт кырсыктары көп катталууда – ӨКМ

Коом Загрузка... 24 Январь 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-01-24 at 12.38.49.jpeg
copyright icon ӨКМ

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Электр шаймандарын колдонууда жөнөкөй эле коопсуздук эрежелер сакталбай өрт кырсыктары көп катталууда. Бул тууралуу ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Сталбек Абдылда уулу “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, көбүнчө электр зымдарын өз убагында профилактика кылбагандыктан өрт кырсыгынын чыгышына себеп болууда.

“Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу жана балдардын шоктугунан да өрттөр чыгып жатат. Мисалы, чубалгыларды койгондо атайын автоматтык түрдө өзүнүн коргоочусу болот. Ошолорду өз убагында алмаштырып турбагандыктан же туура эмес туташтырып коюудан да өрт чыгат. Мисалы, бир эле электр туташтыргычка 10го жакын каражатты сайып коюшат. Мында туташтыргычка күч келип, өрттүн чыгышына себеп болот. Өзгөчө жаңы курулуп бүткөн көп кабаттуу үйлөргө газ бериле элек болгондуктан электр плиталарын колдонуп, кароосуз калтырышууда”, - деди ӨКМдин өкүлү.