Жалал-Абаддагы базарда чыккан өрт чектөөгө алынды

Кырсык 19 июнь 2025 12:08
Жалал-Абаддагы базарда чыккан өрт чектөөгө алынды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек 19.06.25 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Береке базарынан чыккан ири өрт чектөөгө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылды.

Куткаруучулардын аракеттеринин натыйжасында тилсиз жоо саат 11:10до чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттүн жалпы аянты, келип чыгуу себептери жана башка маалыматтар такталууда.