Жалал-Абадда сел кырсыктарынын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 19 Февраль 2025 10:45
480468593_1029351389237587_2714086802632236470_n.jpg
480541345_1029351119237614_123938981988003004_n.jpg
480770047_1029351052570954_6466615682896665898_n.jpg
480585492_1029351325904260_2530655989273311103_n.jpg
Алдыга
Артка
480468593_1029351389237587_2714086802632236470_n.jpg
480541345_1029351119237614_123938981988003004_n.jpg
480770047_1029351052570954_6466615682896665898_n.jpg
480585492_1029351325904260_2530655989273311103_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Жалал-Абадда сел кырсыктарынын алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы Сузак жана Базар-Коргон райондорун аралап аккан Көк-Арт жана Кара-Үңкүр дарыяларындагы кооптуу тилкелерди изилдеп, райондук мамлекеттик администрация жана айыл өкмөт башчыларына тиешелүү аймактарда алдын алуу иштерин жүргүзүү тууралуу эскертме каттарын беришкен.

Эскертмелердин негизинде Көк-Арт дарыясынын оң жээгинде Орто-Сай тилкесинде убактылуу суунун нугун буруучу 100 метрден эки шпора Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан курулууда.

Мындан сырткары Кара-Үңкүр дарыясынын сол жээгин МТФ участогундагы турак жайлардын, айыл-чарба жерлерин сел кырсыктарынан коргоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан 367 000 сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 85 метр аралыкка шпора курулууда.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган иштерди райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери толугу менен көзөмөлгө алып, жаз жай айларында катталуучу сел кырсыктарын алдын алуу жумуштарын алып барышууда.