Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Токтогул айылында А.Сыдыкбеков атындагы мектептин жаңы имараты курулуп бүтүү алдында турат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп министрлик жана “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында жаңыланууда. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
Жаңы эки кабаттуу имараттын аянты 2200,88 чарчы метрди түзүп, 225 окуучуга ылайыкталган. Анда 15 окуу кабинети, спорт жана концерттик залдар, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, физика жана химия боюнча атайын жабдылган кабинеттер каралган.
Мектепте окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Имаратка лифт жана пандус орнотулуп, класстарга рекуператорлор коюлган. Ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана видеобайкоо системалары орнотулууда.
Белгилей кетсек, ERIK долбоорунун алкагында өлкө боюнча 40 мектеп жаңыланууда. Анын ичинен 8 мектептин курулушу аяктап, 15 мектеп курулуп жатат, 17 мектеп реконструкциядан өтүүдө. Ысык-Көл облусунда долбоордун алкагында жалпы 5 мектеп жаңыланат.