Жалал-Абад облусунда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 855 11 Февраль 2025 11:00
478035875_1023441979828528_4272728996165774327_n.jpg
478312499_1023441983161861_2287288420130580561_n.jpg
477057875_1023441976495195_2306806292901163436_n.jpg
Алдыга
Артка
478035875_1023441979828528_4272728996165774327_n.jpg
478312499_1023441983161861_2287288420130580561_n.jpg
477057875_1023441976495195_2306806292901163436_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында жаңы курулуп жаткан курулуштардын, көп кабаттуу турак үйлөрдүн, мыйзамсыз күйүүчү майлоочу заттарды сатуучу жана сактоочу жайлардын ээлерине өрт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өөгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлорунун биргелешкен түшүндүрүү иштери бекитилген атайын иш-пландарына ылайык өткөрүлүүдө.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир аймак тыкыр көзөмөлгө алынып, өрт коопсуздук эрежелерин бузуулар, эскертүүлөргө көнүл бурулбаган жагдайлар боюнча тиешелүү тараптарга маалымат жеткирилип, эскертүү нускамалары таратылды",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар өзгөчө кырдаалдардын алдын алып, өрт кырсыгын болтурбоого багытталат.