Жалал-Абадда мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилди

Билим 147 13 Август 2026 12:25
WhatsApp Image 2026-08-13 at 09.16.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 09.16.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 09.16.38 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 09.16.38 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 09.16.38 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 09.16.38 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 09.16.38 (6).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы билим берүү мекемелеринин 2026-2027-окуу жылына даярдыгы жана коопсуздук шарттары текшерилди. Текшерүү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин иш планына ылайык жүргүзүлдү.

Мекеменин маалыматына караганда, текшерүүдө билим берүү мекемелериндеги оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүнө, эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына, окуу кабинеттеринин, имараттардын жана айланасындагы аймактардын даярдыгына, ошондой эле санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышына көңүл бурулду.

Жыйынтыгында айрым маселелер боюнча тиешелүү сунуштамалар берилип, даярдык иштерин белгиленген графикке ылайык өз убагында бүткөрүү зарылдыгы айтылды.

Белгиленгендей, билим берүү мекемелериндеги даярдык иштерин толук аяктоо 1-сентябрга пландалууда.