Жалал-Абад театры 35-сезонун ачат

Маданият 16 сентябрь 2026 14:30
Жалал-Абад театры 35-сезонун ачат
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 35-театралдык сезонун ачат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы сезон Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналат.

Сезондун ачылышынын алкагында көрүүчүлөргө үч спектакль тартууланат.

22-сентябрда саат 18:00дө Бексултан Жакиевдин “Күттүргөн жаз да келер” драмасы коюлат. Спектаклди Эл артисти Бакыт Жумалиев режиссёрлук кылат.

23-сентябрда саат 14:00дө Эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Он экинчи күн” комедиясы көрсөтүлөт. Ал дагы режиссёр Бакыт Жумалиевге таандык.

Ал эми 25-сентябрда саат 18:00дө француз драматургу Жан Коктонун “Менин сүйгөнүм бар” психологиялык драмасы тартууланат. Спектаклдин режиссёру — Акылбек Мамажан уулу.

Спектаклдер Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында өтөт.