Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында балдардын укуктарын коргоо багытында прокурордук көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук прокуратура органдары тарабынан прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналган балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, бул жаатта көзөмөл жана профилактикалык иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүп келүүдө.
Балдар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын-алуу багытында тийиштүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө текшерүүнү уюштуруу жана жеке прокурорлордун катышуусунда профилактикалык иш-чараларды күчөтүү максатында жыл башынан тартып облустук прокуратура органдары тарабынан 170 мектептин 37 501 окуучулары, 1 369 алардын ата-энелери жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен 96 жолу жолугушуу өткөрүлгөн. Анда балдар арасындагы кылмыштуулуктун, өз өмүрүнө кол салуу фактыларынын, аракечтиктин, баңгиликтин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана болтурбоого багытталган темаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдарга мамлекет тарабынан берилген кепилдиктерин аткаруу максатында, Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде 7 тоголок жетим балага жер тилкелери бөлүп берилип, 1 тоголок жетим бала турак жай менен камсыз болгон.