Жалал-Абад облусунда тогуз айда жол кырсыгынан 50 адам каза болду

Кырсык 05 Ноябрь 2025 10:00
222_730x0_730x0.730x0.jpg
574548365_1934576890742899_2688558219071305254_n.jpg
573624493_1934572287410026_7139382923418555237_n.jpg
Алдыга
Артка
222_730x0_730x0.730x0.jpg
574548365_1934576890742899_2688558219071305254_n.jpg
573624493_1934572287410026_7139382923418555237_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана жолдордун абалын жакшыртуу маселелерин караган облустук комиссиянын отуруму өттү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов төрагалык кылды.

Отурумда 2025-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөр боюнча маалымат угулду. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кылыч Рысбаев жол кырсыктарынын статистикасы жана алардын негизги себептери боюнча баяндама жасады.

574548365_1934576890742899_2688558219071305254_n.jpg

Белгилүү болгондой, акыркы 9 айдын ичинде облуста жол кырсыктарынын саны 9,8 пайызга, каза болгондор 20 пайызга, жаракат алгандар 18 пайызга өскөн. Жалпысынан 177 жол кырсыгы катталып, 50 адам каза болуп, 273 адам ар кандай жаракат алган.

Жыйындын жүрүшүндө Нурлан Эрматов жолдордун коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу боюнча бардык иштерди системалуу түрдө күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, жолдордун абалын жакшыртуу, жол белгилерин жана инфратүзүмдү жаңылоо, коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле айдоочулар жана жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын койду.