Бишкек, 13.02.25. / Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата ири долбоорлордун ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев билдирди.
Текебаев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдык мааракесин Жалал-Абад облусунда өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы ыйгарым укуктуу өкүлдүн тескемесине ылайык түзүлдү. Анын алкагында Эгемендүүлүк күнүндө облустун аймагында бир катар жаңы объекттилер пайдаланууга берилет.
“Тактап айтканда, Таш-Көмүр шаарындагы ири цемент заводунун, Сузак районунда аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи, Чаткал районундагы “Кичи-Чаарат” ЖАКунун Концентрат бөлүп чыгаруучу фабриканын жана Чаткалдагы алтын ылгоочу фабриканын ачылыш аземдери өткөрүлөт. Облустук перинаталдык борбордун, Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун , 700 окуучу орунга эсептелген Жалал-Абад шаарындагы №14 мектептин жаңы имараттарынын, Жалал-Абад шаарындагы Бокс академиясынын ачылыш аземдеринин өткөрүлүүсү күтүлүүдө”,-деди облус башчы.
Ал кошумчалагандай, муну менен катар Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычтарын ээлерине тапшыруу аземи уюштурулат.