Жалал-Абад облустук ооруканасынын короосундагы эски имараттар буздурулууда

Аймак 1649 10 Апрель 2025 11:55
489925609_1771935773673679_3482956557040872391_n (1).jpg
489710276_1771935810340342_7896891679622258851_n.jpg
489133681_1771935743673682_242242564259352677_n.jpg
489221094_1771935917006998_2262288809799221654_n.jpg
489292458_1771935737007016_1375983289852895153_n (1).jpg
489700332_1771935903673666_5066221577474415234_n.jpg
489764546_1771935860340337_3137459272174935503_n.jpg
489930651_1771935780340345_4892656369435831828_n.jpg
489950142_1771935803673676_6859196683715064039_n.jpg
489956255_1771935853673671_6742091691394896988_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ооруканасынын короосундагы эски имараттар буздурула баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев облустук клиникалык ооруканага барып, эскилиги жеткен имараттарды бузуу жумуштары менен таанышты.

Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканасына 7 кабаттуу имарат куруу планы коюлган. Ага карата министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эскилиги жеткен имараттарды бузуу, жеке менчик клиникаларды, өз алдынча куруп алган турак-үйлөрдү оорукана аймагынан чыгаруу тапшырмасын койгон.

Облус башчысы Тилек Текебаев жергиликтүү бийлик жана оорукана жетекчилигине тийиштүү жумуштарды өз убагында жүргүзүү, коопсуздукту камсыздоо, жаңы имарат жана анын айланасын туура архитектуралык пландаштыруу зарылдыгын эскертти.