Жалал-Абад облустук ооруканасына 7 кабаттуу имарат курулат

Аймак 1528 31 Март 2025 17:40
487422792_1764199331113990_358732270913154556_n.jpg
487426698_1764199347780655_5753781436481297994_n.jpg
487487201_1764199327780657_7774161532366138065_n.jpg
487775163_1764199357780654_2862824344155057362_n.jpg
487942492_1764199371113986_1267219758681253276_n.jpg
Алдыга
Артка
487422792_1764199331113990_358732270913154556_n.jpg
487426698_1764199347780655_5753781436481297994_n.jpg
487487201_1764199327780657_7774161532366138065_n.jpg
487775163_1764199357780654_2862824344155057362_n.jpg
487942492_1764199371113986_1267219758681253276_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ооруканасына 7 кабаттуу имарат курулат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы имарат толугу менен заманбап шартта салынып, анын чатырына тик учак конуусу үчүн атайын аянтчасы камсыздалат.

Камчыбек Ташиев облустук оорукананын аймагындагы эскилиги жеткен имараттарды бузуу тапшырмасын коюп, жеке менчик клиникаларды, өз алдынча куруп алган турак-үйлөрун дагы оорукана аймагынан чыгаруу тапшырмасын койду.

Оорукана тийиштүү медициналык-техникалык каражаттар менен камсыз кылынат жана аймагында бейтаптар үчун жашыл аймактарды курууга басым жасалат.

Курулуш иштери ушул жылы башталат. Ага жалпы 900 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалаары айтылды. Камчыбек Ташиев өлкө бшачысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул каражат камсыз кылынаарын белгиледи.

Аталган оорукана облустук болгондуктан Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан келип даарылангандар көп. Мындан улам бейтаптар үчүн орундар жана медициналык персоналдын жетишсиздиги көйгөй жаратып келет.