Жалал-Абад облус башчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 26 Февраль 2026 11:00
643426534_2022683688598885_7165436775973731105_n.jpg
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Облус башчысы Тилек Текебаев Нурлан Эрматовдун Жалал-Абад облусунун өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалап, анын ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирди жана мындан аркы жолуна ийгиликтерди каалады.

Нурлан Эрматов бул кызматка 2025-жылдын январь айында дайындалган.