Жакынкы күндөрү “Учкун” мекемесинде айдоочулук күбөлүк жана техпаспорт даярдала баштайт

Экономика Загрузка... 24 Март 2025 17:15
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Жакынкы күндөрү “Учкун” мекемесинде айдоочулук күбөлүк жана техпаспорт даярдала баштайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө “Учкун” басмаканасы мамлекеттик документтерди басып чыгарууга жетише алды.

“Президент Садыр Нургожоевич бир ай мурда тапшырма койду. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр коргоочу катмарлардан турат. Азыркы колдонулуп жаткан күбөлүктөр талапка жооп бербейт. Алдыда техникалык паспорттор да чыгарылат. Алар мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, карта түрүндө жасалат. Мамлекет башчысы жеке көзөмөлүнө алган үчүн “Учкун” басмаканасы учурда мамлекеттик документтерди басып чыгарууга жетишти. Акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар пайдаланууда. Бул да чоң жетишкендик”, - дейт Туманбаев.