Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу көйгөйү дагы деле сакталууда. Учурда мектептерге багытталган китептердин бир бөлүгү коммерциялык негизде сатылып жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Окуу китептери кандай жол менен сатыкка түшүп калганы мекемелер аралык иликтөөнүн алкагында такталууда. Бул жагдай боюнча “Учкун” ачык акционердик коому жана Агартуу министрлиги өз позицияларын билдиришти.
“Учкун” ААКсы окуу китептерин Агартуу министрлигине караштуу мамлекеттик “Окуу китеби” мекемесинин буйрутмасынын негизинде гана басып чыгарат жана аларды сатуу менен алектенбейт. Бул тууралуу 17-сентябрда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Учкун” ААКнын аппарат жетекчиси Бек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, бул чынжырчадагы жоопкерчилик бир нече тарапка бөлүнүп, “Учкун” процесстин техникалык бөлүгүнө жана окуу китептерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирүүгө жооп берет. Ал эми “Окуу китеби” мекемеси китептерди басмага даярдоо иштерин жүргүзүп, окуу китептеринин нускасынын көлөмүн Агартуу министрлиги аныктайт.

“Биздин жоопкерчилик чөйрөбүз – окуу китептеринин техникалык сапатын камсыз кылуу. Тактап айтканда, китептердин туура даярдалышы, белгиленген форматтардын сакталышы, түстөрдүн сапаттуу берилиши, керектелүүчү сапаттуу материалдардын колдонулушу жана буйрутманын өз убагында аткарылышы биздин милдет. Китептер аймактарга жеткирилгенден кийин, аткарылган иш үчүн толук отчет беребиз”, – деп баса белгиледи Иманалиев.
Аппарат жетекчисинин айтымында, келип түшкөн ар бир буйрутманын өзүнчө даярдоо графиги бар жана бүгүнкү күндө бардык буйрутмалар толугу менен так жана белгиленген мөөнөттөрдө аткарылууда.
Анын айтымында, басып чыгаруу иштери “Окуу китеби” мекемесинин берген тапшырыгынын негизинде гана жүргүзүлөт. Ошондуктан мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги жана 11 жылдык билим берүү системасынан 12 жылдык системага өтүү процесси үчүн ишкана жоопкерчилик тартпайт. “Учкунда” айрым окуу китептеринин түрлөрүнүн тартыштыгын эки билим берүү системасынын катарлаш иштеп жатышы, ошондой эле алардын айтымында, акыркы 35 жылда тармактын жетишсиз каржыланып келгендиги менен байланыштырышат. Компаниянын маалыматына караганда, акыркы эки жылда президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана көзөмөлү алдында, каржылоонун көлөмү кыйла көбөйгөн. Тактап айтканда, 2023–2024-жылдары каржылоо мурдагы жылдарга салыштырмалуу дээрлик 10 эсеге өскөн.

Басып чыгаруу укугу тууралуу айта турган болсок, окуу китептеринин автору – Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” мекемеси. Ал эми “Учкунга” келишимдин негизинде китептерди басып чыгаруу укугу берилет.
Өндүрүмдүн сапатына токтолгон Иманалиев китептерди басып чыгарууда колдонулган бардык кагаздар санитардык-гигиеналык жана экологиялык стандарттарга жооп берерин билдирди.
“Китептер балдар үчүн толугу менен коопсуз. Китептерди даярдоодо колдонулган желим жана башка бардык материалдар толук изилдөөдөн өткөн. Алар балдардын жана бардык колдонуучулардын ден соолугу үчүн коопсуз жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт”, – деп белгиледи ал.

Ошондой эле өкүлдүн айтымында, “Учкун” мамлекеттик басмаканасы коопсуздук чаралары күчөтүлгөн стратегиялык объект болуп саналат. Андагы көзөмөл бир нече багытта, анын ичинде Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин күчтөрү жана басмакананын ички мониторинг борборлору тарабынан жүргүзүлөт.
“Бардык иш-аракеттер тыкыр каттоого алынат. Расмий буйрутма жана келишим болмоюнча мамлекеттик маанидеги бир дагы документ, айрыкча окуу китеби, мамлекеттик басмакананын аймагынан чыгарылбайт. Өндүрүмдөрдү чыгаруу белгиленген талаптарга, түзүлгөн келишимдерге жана коштоочу документтерге так ылайык жүргүзүлөт”, – деп баса белгиледи Иманалиев.

Мындан тышкары, “Учкун” ААКсынын аппарат жетекчисинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө кыргыз тилиндеги окуу китептерине болгон муктаждык болжол менен 70 пайызга, ал эми орус тилиндеги окуу китептерине болгон муктаждык 65 пайызга камсыздалган.
Иманалиевдин айтымында, окуучуларды жаңы окуу китептери менен өз убагында камсыз кылуу – мекеменин негизги милдеттеринин бири. Окуу жылын башталышына карата буйрутманы өз убагында аткаруу үчүн “Учкундун” жамааты күнү-түнү, үч нөөмөт менен иштеп, учурда да өз ишин улантууда.
Журналисттердин окуу китептери эркин сатууга кантип чыгып кеткендиги тууралуу суроосуна “Учкундун” өкүлү бул жагдайды тергөө аныкташы керектигин билдирди.
Агартуу министрлигинин позициясы
Агартуу министрлиги окуу китептерин сатуу менен алектенбейт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге берген маегинде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик окуу китептеринин эркин сатууга чыгып кетиши өзүнчө иликтөөнүн предмети болуп калды.

Министрдин маалыматына караганда, мекеме мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыздоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча президенттин демилгесин ишке ашыруу багытында жигердүү иш алып барууда.
“Апрель айында эле контрафакттык китептерди таратуу фактыларын иликтөө өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Бул мамлекеттик китеп саясатынын кадыр-баркына шек келтирбөө максатында жасалган”, – деп белгиледи Кендирбаева.
Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылы 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн алкагында 3- жана 8-класстар да жаңы системага кошулду. Ошондой эле 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн англис тили, математика жана табигый илимдер боюнча иш дептерлерди басып чыгаруу жана жеткирүү милдети коюлган. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 744 млн сом бөлүнгөн.

2026–2027-окуу жылына даярдыктын алкагында 6-класстар үчүн математика, ал эми 3- жана 8-класстар үчүн табигый илимдер боюнча окуу-методикалык комплекстерди чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Автордук топтор 1–12-класстар үчүн кыргыз тили жана адабияты, география, тарых жана баштапкы аскердик даярдык боюнча окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууда. Ал эми кыргыз-орус жумушчу тобу 3-, 4-, 6- жана 8-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин адаптациялоону улантууда. Калган предметтер боюнча иштерди 2030-жылга чейин этап-этабы менен аяктоо пландалууда.
“Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигине билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда 4,7 миллиондон ашык окуу-методикалык комплекс чыгарылган. 2026-жылы дагы 3,1 миллиондон ашык нуска басылып чыккан, ал эми учурда кошумча 1,4 миллион нуска басмага даярдалууда. Ошентип, эки жыл ичинде жаңы китептердин жалпы көлөмү 9 миллион нусканы түзөт.
Бул максаттарга буга чейин 744 млн сом багытталган. Жалпысынан 2026-жылы гана мектеп окуу китептерине жумшалган бюджеттик инвестициялардын көлөмү 700 млн сомдон ашты.

Окуу китептеринин сатууга чыгып кетиши боюнча иликтөө
Мамлекеттик окуу китептеринин сатыкка чыгып кетишинин себептерин Ички иштер министрлиги жүргүзүп жаткан иликтөө аныктайт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен текшерүүгө дароо үч мекеме – Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Агартуу министрлиги тартылды. Аларга төмөнкүдөй так милдет коюлган: мамлекеттик окуу китептерин жеткирүү чынжырчасында кайсы баскычта коммерциялык жүгүртүүгө чыгып кетиши мүмкүн болгонун аныктоо, ошондой эле басылып чыккан, өткөрүлүп берилген жана бөлүштүрүлгөн китептердин иш жүзүндөгү санын расмий буйрутмалар жана тиешелүү документтер менен салыштырып текшерүү.