Жакынкы Чыгышта дүйнөдөгү эң бийик имараттар курулушу мүмкүн

Дүйнө 13 октябрь 2026 16:10
Жакынкы Чыгышта дүйнөдөгү эң бийик имараттар курулушу мүмкүн
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарында дүйнөдөгү эң бийик үч имарат жайгашышы мүмкүн. Пландалган бийиктикте курулса, Жидда мунарасы жана Дубайдагы "Бурдж Азизи" асман тиреген имараттардын дүйнөлүк рейтингинде алдыңкы үч орунга чыгат. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ кабарлады.

Сауд Арабиясындагы Жидда мунарасынын бийиктиги 1 000 метрден ашат деп пландалууда. Ал ишке ашса, тарыхта миң метрлик чектен ашкан алгачкы имарат болот. Учурда дүйнөдөгү эң бийик имарат — Дубайдагы 828 метрлик "Бурж-Халифа".

Ал эми Дубайдагы Шейх Зайед жолунда куруу пландалган "Бурж Азизинин" бийиктиги 725 метрди түзөт. Жидда мунарасы бүткөндөн кийин дүйнөдөгү үчүнчү эң бийик имарат болушу мүмкүн.