Жакында Жумгалда күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүүчү завод ишке кирет

Аймак 15 Июль 2025 11:50
1713322047.1314163923.jpeg
504430040_1501917164553042_3202326091881480769_n.jpg
514335796_1501917031219722_1960968086488128380_n.jpg
514345299_1501917227886369_2783871758251783251_n.jpg
517009168_1501917124553046_4792920788888678029_n.jpg
518049772_1501917077886384_751643698700114263_n.jpg
518081822_1501917097886382_1145552361852181841_n.jpg
521212292_1501917191219706_7244934139950879836_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Жакында Жумгалда күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүүчү завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылууда.

Күн мурун президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков ишкананы куруу иштери менен менен таанышып, тездетүүнү тапшырды.

Учурда ишкананын тиешелүү жабдыктары алып келинип, 2025-жылдын август айында ишке берүү мерчемделүүдө. Ал ишке кирсе күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.