Жакында Таласта минералдык суу өндүрүүчү ишкана ишке берилет

Аймак 4 август 2025 14:41
ff30d279-ec46-4bb7-a0ff-823a0faf292c.jpg
b43a9a2b-f2a4-4edc-b388-72756ae399ef.jpg
39f2458a-6a4f-4e36-82b8-588662d3a549.jpg
Алдыга
Артка
ff30d279-ec46-4bb7-a0ff-823a0faf292c.jpg
b43a9a2b-f2a4-4edc-b388-72756ae399ef.jpg
39f2458a-6a4f-4e36-82b8-588662d3a549.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Жылдын үчүнчү чейрегинде Талас районунда "Арашан" минералдык ичүүчү таза суу өндүрүүчү чакан ишкана ишке кирет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Талас райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Ишкананын курулуш иштерине жалпы 14 млн 147 миң сом, ал эми жабдууларды сатып алууга 7 млн сом бөлүнгөн. Азыркы учурда курулуш иштери толук аяктап өткөрүлүүдө.

Жаңы ишкана ишке кирсе 7-10 адамга жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана сапаттуу минералдык сууну пайдаланууга шарт түзөт.