Жакында Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо башталат

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2026 17:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапар менен барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында облустун аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Ошондой эле "Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун аткарылышын көрүп, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилүү болгондой, реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 чакырымды түзөт. Ал Талас шаарынан башталып, "Кичи-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктуна чейин созулат. Курулуш иштери 2025-2028-жылдары жүргүзүлүп, долбоордун кепилдик мөөнөтү 5 жылды түзөт.

Мындан тышкары, министр Өтмөк ашуусун тейлеген №36 Жол тейлөө ишканасынын тазалоо иштерин да кɵзɵмɵлдɵдү. Ал коопсуздукту камсыз кылуу жана жүргүнчүлөр үчүн үзгүлтүксүз каттам уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Министр жооптуу кызматкерлерди берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга, жолдун сапатына, мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө жана коопсуздук талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирди.