Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Ош шаарынын Озгур айылында 60 орундуу бала бакчанын курулушу улантылууда.
Муниципалдык маалыматка ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бала бакчада балдар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин айылдагы балдар үчүн мектепке чейинки билим алууга ыңгайлуу шарт түзүлүп, ата-энелердин бала бакчага болгон муктаждыгын азайтууга өбөлгө болот.