Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Жакын арада Москвада Кыргыз илим жана маданият үйү ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жасаган билдирүүсүндө айтты.
Анын айтымында, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы маданий байланыштар да активдүү өнүгүп жатат.
"Россияда жана Кыргызстанда биздин өлкөлөрдүн маданият күндөрү ийгиликтүү жана көрүүчүлөр тарабынан зор кызыгуу менен өттү.
Жакын арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү маданий алакаларды бекемдөөгө чоң салым кошот.
Бул демилгени ишке ашырууда көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү колдоосу үчүн россиялык досторубузга ыраазычылык билдиребиз", - деди Жапаров.