Бишкек 02.04.25 /Кабар/. 13-апрелде окуучулар арасындагы математика боюнча республикалык V олимпиада башталат. Бул тууралуу Кыргыз-швед математика мектебинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, биринчи тандоо туру 13-апрелде онлайн түрүндө өтөт. Олимпиадага 6-11 (12)-класстардын окуучулары катыша алышат.
Олимпиаданын убактысы:
6-7-класстар үчүн - 11:00гө;
8-9-класстар үчүн - 12:00гө;
10-11 (12)-класстар үчүн - 13:00гө белгиленген.
Ал эми сынактын экинчи финалдык бөлүгү 20-апрелде саат 12:00дө оффлайн түрүндө өтөт.
Олимпиаданы Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-швед математика мектеби биргеликте уюштурууда жана акысыз. Ага өлкөнүн бардык окуучулары катыша алышат.
Белгиленгендей, кошумча маалыматтарды РОМ V сайтынан алса болот.