Жакында кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева Эверест чокусун багындырууга сапар тартат

Коом Загрузка... 18 Март 2025 13:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Жакында кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева Эверест чокусун багындырууга сапар тартат. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Сапарга 14-апрелде аттанат.

“Азыр өзүбүздүн өлкөдөгү тоолорго чыгып даярданып жатам. Ала-Арчага, Комсомол, Мугалим чокуларына чейин барып, машыгуудамын. 3300 метр бийиктикте түнөп, 4500 метрге чейин чыгып, кайра түшүп жатам. Альпинизм менен 8 жылдан бери машыгып жүрөм. Акырындан көнүп, үйрөнүп калдым. Жылдан жылга бийиктикке чыгуу коркунучу жоголуп, тажрыйба топтоп, тоого чыгуунун ыкмаларын өздөштүрүүдөмүн, кыйынчылыктарды жеңүүгө аракет көрүп жатам”, - деди альпинист.

Асел Байбагышева 8848 метр бийиктикте жайгашкан Эверестке кычкылтекти колдонбой чыгуу чечимин жеринде чече тургандыгын белгиледи. "Кыргыз изи" долбоорунун алкагында анын чокуга чыгуу аракетине кыргыз ишкерлери колдоо көрсөтүүдө.

Буга чейин ал Кыргызстандагы 7 миң метрлик Жеңиш, Хан-Теңири, Жел-Айдар чокуларына чыккан. Ал эми 2022-жылы кыргыз альпинисттердин улуттук курамасындагы 6 адам менен биргеликте 8000 метрлик Манаслу чокусун ийгиликтүү багындырган. Дал ушул чокуга Асел Байбагышева кычкылтекти колдонбостон чыккан жападан жалгыз биринчи кыргыз аял катары тарыхта калды.

Белгилей кетсек, жыл сайын жазында Непалдагы Эвересттин астындагы базалык лагерге миңдеген адамдар чогулат. Тоонун эң бийик жерине 600дөн ашык альпинист чыгат.