Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Эверестте сөөгү 8000 метрден ашык бийиктикте дээрлик 30 жыл бою жаткан альпинисттин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Lenta.ru Bild басылмасынын маалыматына шилтеме келтирип жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, эркек кишинин сөөгү Эвересттин "өлүм зонасы" деп аталган жеринен табылган, ал жерде тирүү калуу үчүн шарт өтө катаал. Маркумдун бут кийиминин өзгөчө түсүнөн улам альпинисттер ага "жашыл өтүк" деген каймана ат коюшкан.
Альпинисттин ким экени жакында эле калдыктарды калыбына келтирүүгө даярдануу учурунда аныкталган. Индия-Тибет чек ара полициясы ДНК-тест жүргүзүп, анын жыйынтыгында маркум Индиянын жараны, 47 жаштагы Дорже Моруп экени такталган.
Учурда анын сөөгү дагы деле 8000 метрден ашык бийиктикте турат. Сөөктү ушул жайда алып келүү пландаштырылууда. Индия-Тибет чек ара полициясы бийик тоолуу аймакта куткаруу операциясын жүргүзүү үчүн адистештирилген компания издеп жатат. Сөөктү алып келүү Эвересттин Тибет тарабында жүргүзүлөрү жана кеминде алты тажрыйбалуу шерпанын катышуусун талап кылары айтылууда. Сөөктү Катмандуга, андан ары Индияга жеткирүү үчүн Тибеттеги Кытай бийлигинин уруксаты да талап кылынат.