Жакында ачылат: Таласта заманбап балдар паркынын курулушу аяктап калды

Аймак 18 Июнь 2026 09:25
726538802_1031050749452775_280993233857045501_n.jpg
723904687_1031050716119445_8945229559316878802_n.jpg
725238024_1031050779452772_9146276170358281189_n.jpg
Алдыга
Артка
726538802_1031050749452775_280993233857045501_n.jpg
723904687_1031050716119445_8945229559316878802_n.jpg
725238024_1031050779452772_9146276170358281189_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Талас шаарындагы "Баатырлар" паркынын аймагында курулуп жаткан заманбап балдар оюн-зоок паркынын курулуш иштери акыркы баскычына жетти.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаш муундардын коопсуз жана көңүлдүү эс алуусу үчүн шарт түзө турган бул жайдын ачылыш аземи жакынкы күндөрү өтөт.

"Бул долбоор өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен аймактарды өнүктүрүү жана элдин жашоо-шартын жакшыртуу саясатынын алкагында ишке ашууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы парк бала бакча курагындагы жана мектеп жашындагы бөбөктөрдүн гана эмес, бүтүндөй Талас шаарынын тургундарынын сүйүктүү үй-бүлөлүк эс алуу борборуна айланмакчы.