Жакартадагы калктын көптүгүнөн улам Индонезия борборун Нусантарага көчүрөт

Дүйнө Загрузка... 24 Сентябрь 2025 09:10
f17cbd51-0873-4f0c-873e-16c71fd3352e.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.25 /Кабар/. Индонезия 2028-жылга чейин өлкөнүн борборун Жакарта шаарынан Нусантарага көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу президенттик администрациянын башчысы Мухаммад Кодари билдиргенин, Коммерсант жазды.

Маалыматта белгиленгендей, анын айтымында, Нусантара толук кандуу саясий борбор болушу үчүн парламент жана сот сыяктуу мамлекеттик органдар жайгаша турган имараттар курулууда.

Борборду көчүрүү демилгесин буга чейин мурдагы президент Жоко Видодо көтөргөн. Шаардын курулушун 2024-жылга чейин аяктоо пландалып, бирок бул долбоор коронавирус пандемиясынан улам токтоп калган. Ал эми 2024-жылы президент болуп шайланган Прабово Субианто Нусантараны борбор кылып курууну улантууга даяр экенин билдирген.

Борборду көчүрүүнүн негизги себеби — Жакартадагы калктын өтө көптүгү болуп сагалат. Аталган шаарда бир чарчы чакырымга 15,7 миңден ашуун адам туура келет. Жаңы борборду куруу наркы 32 миллиард доллардан ашат деп бааланууда.