Жайында канча көлөмдө суу ичүү керек? Адистердин пикири

Ден соолук Загрузка... 07 Июль 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Адамдын организминин 60%ы суудан турат. Орточо эсеп менен 2 литр суу ичүү зарыл. Бирок мында адамдын салмагы (1 кг салмакка 30 мл ашык эмес), жыл мезгили, адамдын иши, физикалык активдүүлүк, оору, айрыкча жүрөк-кан тамыр, нерв, эндокриндик жана заара бөлүп чыгаруу системасынын ооруларына жараша айырмачылыктар болот. Буга байланыштуу биз бул ирет сууну туура көлөмдө ичүү тууралуу адистердин кеп-кеңештерин сунуштайбыз.

WhatsApp Image 2025-07-07 at 16.47.34.jpeg

Суунун жетишсиздиги адам үчүн кооптуу. Ошол эле маалда аны ашыкча ичүү да туура эмес, мындай учурда баш оору, жүрөк айлануу, шишик басышы мүмкүн. Адистердин айтымында, ичкен суунун көлөмү бөлүп чыгарылган суюктук менен дал келиши керек. Бирок суу дегенде эле кадимки суу деп эле түшүнбөш керек, сиздин ичкен чай, кофеңиз жана башка суусундуктар, шорпо, жер-жемиштер да буга кирет. Ысык аба ырайында зааранын көлөмү тердин бөлүп чыгышынан улам азайышы мүмкүн. Оорусу бар адамдар дарыгердин кеңеши менен суунун көлөмүн тактап алуу керек.

Адам ысык жерде же жылуулук иштетилген имаратта болсо, анда организм сууну көбүрөөк коротот. Ошондуктан суюктуктун көлөмүн толтуруш шарт.

Эгер абанын нымдуулугу жогору, имараттын ичи салкын болсо, суу ичкиңиз келбейт.

Физикалык активдүүлүктө жүргөн спортчулар, фитнес менен машыккандар машыгуу учурунда тер менен суюктукту коротот. Ал эми кыймылда болбой отуруп иштеген жумушчулар өзгөчө бутунда кан жакшы айланбай, бутунун шишип калганын байкайт. Мындай учурда адам кыймылдабай, бирок суу иче берсе, шишик көбөйө берет.

WhatsApp Image 2025-07-07 at 16.47.33.jpeg

Тамактанууга келсек, мисалы, адам туздуу тамак-аш көп жесе, организминде суу топтолуп, шишик эле эмес, баш оору да пайда болот. Ошондой эле адамдын рационунда майлуу, куурулган жана ачуу тамактар болсо, организмде суюктук кармалышы ыктымал. Ошондуктан туура тамактанууга да көңүл буруу маанилүү дешет дарыгерлер.

Бүгүнкү күндө суу ичүү боюнча медициналык сунуш бар. Адамдын 1 кг салмагына 30 мл суу туура келет. Эгерде адам 60 килограмм салмакты түзсө, анда анын бир күндүк нормасы — 1,8 литр суу, буга шорпо, ж.б. тамак-аштар кирет. Эгерде адамдын салмагы 100 килограммга жетсе, 3 литр суюктук анын организми үчүн татаал сыноо болот, жүрөк-кан тамыр системасында, бөйрөктө көйгөй жаралышы мүмкүн.

WhatsApp Image 2025-07-07 at 16.47.33 (1).jpeg

Эми балдарга токтолсок, эмчек эмген балдар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча, кошумча суу ичүүгө муктаж эмес. Анткени эне сүтүнүн 90%ы суудан турат. Бул бала үчүн тамак да, суу да болуп берет. Ал эми эгер бала ичеги-карын инфекциясына кабылган учурда суюктук ичүү зарыл. Кийин бала эмчектен чыгып, тамак жеп калганда суу сөзсүз түрдө берүү керек. Салмагы көбөйгөн сайын суюктукту пайдалануунун көлөмү да жогорулай тургандыгын балдар дарыгерлери белгилешет.

Сууну кайсы убакта ичүү керек?

Эртең менен ач карын, тамактын алдында 20–30 мүнөт мурун ичүү кажет. Тамактанып бүтөр менен суу ичүүгө болбойт. Ошондой эле күн ысыкта жана машыгуудан кийин суу ичүү сунушталат. Дароо бир учурда 500 мл ичпеңиз.

WhatsApp Image 2025-07-07 at 16.47.34 (1).jpeg

Эмнени ичүү сунушталат?

Жөнөкөй суу, лимон кошулган суу, кантсыз шербет, шире, минералдык суу.

Газдалган лимонад, энергетикалык суусундук, муздак суу, ашыкча кофе ичүүдөн сак болуңуз!

Сууну унутпай ичиңиз. Анткени суу клетка, мээ, боор, териге күч берет.