Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 11 Март 2026 09:32
WhatsApp Image 2026-03-10 at 14.57.39.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин төрагасынын санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

Парламенттен билдиришкендей, буга чейин ал Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Жайнак Үсөн уулу 2015-2019-жылдары НТС телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019-2020-жылдары Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген. Муну менен катар "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири. 

Мындан тышкары, Жайнак Үсөн уулу санариптик телеберүүгө өтүү жана аны ишке киргизүү багытында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп, 2015-2019-жылдары "Санариптик технологиялар" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.