Жай мезгилинде аллергия басаңдайбы? Дарыгердин жообу

Ден соолук Загрузка... 04 Июнь 2026 13:00
allergiya-na-rybu-s.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Жай мезгилинде аллергия басылбай, тескерисинче, күчөп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине тажрыйбалуу аллерголог Жыпара Кыдырова билдирди.

Анын айтымында, бул учурда аллергиясы бар адамдарга өсүмдүктөрдүн чаңдары менен байланышты чектөө жана адистерге өз убагында кайрылуу сунушталат.

Дарыгер июнь айында абалы жакшырган бейтаптар жазгы гүлдөөгө, тактап айтканда, бак-дарактардын чаңдарына гана аллергиясы барлар болушу мүмкүн экенин белгиледи. Бирок мындай бейтаптар өтө аз жана бул көрүнүш Кыргызстан үчүн анчейин мүнөздүү эмес.

66

Адистин кеңеши боюнча, аллергия менен жабыркагандар жай айларында мүмкүн болушунча өсүмдүктөр көп өскөн жерлерге - тоолорго, дачаларга жана парктарга баруудан алыс болушу керек.

Төмөнкү эрежелерди сактоо маанилүү:

  • мурунду туздуу суу же атайын спрейлер менен үзгүлтүксүз жууп туруу;
  • терезе-эшиктерди мүмкүн болушунча аз ачуу;
  • жалпысынан өсүмдүк чаңдары менен болгон байланышты максималдуу түрдө азайтуу.
"Аллергия күчөгөн маалда дарыгердин көрсөтмөсү менен симптомдорду убактылуу басаңдатуучу дарылар берилет. Ал эми негизги дарылоону аллерголог оору басылган учурда гана дайындайт. Биз дарылоону ошондо баштап, ал аллергия толук көзөмөлгө алынганга чейин жыл бою уланат. Бул ыкма АСИТ - аллерген-спецификалык иммунотерапия деп аталат", - деп түшүндүрдү адис.

Ошондой эле дарыгер аллергиянын алгачкы белгилери пайда болгондо эле шишип кетүүнү же кычышууну күтпөй, дароо дарыгерге кайрылууга чакырды.

"Жайында аллергияга биринчи жолу кабылгандар, эң биринчи кезекте аллергологго кайрылышы зарыл. Дарыгерге канчалык эрте кайрылсаңыз, дарылоо ошончолук тез жана жеңил өтүү ыктымалдыгы жогору болот", - деп жыйынтыктады Кыдырова.