Жөө жүргөндөр жол кырсыгына себепкер болгон учур көп катталууда - Байказы Айтикул уулу

Коом Загрузка... 25 Февраль 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-02-25 at 12.09.56.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Жөө жүргөндөр жол кырсыгына себепкер болгон учур көп катталууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон.

“Жол кырсыгына айдоочу эмес, жөө бараткан адам себепкер болгон учурлар көп. 10-15 метр ары турган өтмөккө баскандан эринип, көрсөтүлгөн жерден өтпөстөн туура эмес жерден чуркап чыга калышат. Буга карата жол кырсыктарын алдын алуу багытында “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейддин жүрүшүндө жөө жүргөн адамдар арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”,-деди ал.