Айдоочуларга түнкүсүн жолдо мал чыгышы мүмкүн экендиги эскертилди

Коом 16 октябрь 2026 10:20
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлерин мал-жандыктарды жолдорго жакын жерде кароосуз калтырбоого, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды.

Мекеменин маалыматына караганда, айрыкча кечки жана түнкү убактарда жолго чыгып кеткен мал жол кырсыктарына себеп болушу мүмкүн.

"Мал ээлери малдарын дайыма көзөмөлдөп, жолдон өткөрүүдө коопсуздукту камсыздашы керек. Ал эми айдоочуларга ылдамдыкты сактоо, жолдо мал пайда болушу мүмкүн экенин эске алуу жана көрүнүү чектелген учурда өзгөчө этият болуу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.