Жөө басуу жүрөктүн дарысы: Күнүнө канча кадам басуу керек?

Ден соолук Загрузка... 17 Март 2026 11:15
11.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Күнүмдүк жөө басуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүү коркунучун азайтат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Жөө басуу – физикалык активдүүлүктүн эң жөнөкөй жана жеткиликтүү түрү. Жүрөк-кан тамыр оорулары бүткүл дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Күнүмдүк жөө басуу жүрөк жетишсиздиги, инфаркт, артериялык гипертония жана башка ушул сыяктуу оорулардын өнүгүү коркунучун төмөндөтөрү далилденген.

Дайыма жөө басуу ден соолук үчүн көптөгөн артыкчылыктарды берет, анын ичинде:

  • жүрөк булчуңдарын чыңдоо;
  • артериялык басымды төмөндөтүү;
  • салмакты башкаруу;
  • маанайды жана когнитивдик функцияларды жакшыртуу;
  • кант диабетинин 2-тиби жана остеопороз сыяктуу өнөкөт оорулар коркунучун азайтуу.

Жөө басуу пайдалуу гана эмес, өзгөчө жол тыгындары учурунда абдан ыңгайлуу. Бул тыгындан улам пайда болгон стресстен качууга, убакытты үнөмдөөгө жана ошол эле учурда организмди физикалык активдүүлүк менен каныктырууга мүмкүндүк берет.

Физикалык активдүүлүктү жогорулатуу боюнча кеңештер

Аз кыймылдаган адам деле күнүнө болжол менен 2-3 миң кадам басат. Орточо активдүүлүктө бул көрсөткүч 5000-7000ге чейин көбөйөт. Ал эми кыймылдуу адамдар 10-12 миңден кем эмес кадам басышат.

10 миң кадам максатына кантип жетсе болот?

10 миң кадам – бул болжол менен 7 километр жана 1,5-2 сааттык сейилдөө дегенди билдирет, аны күн ичинде бөлүп аткарса болот.

Эгер сиз жумушка баратканда бир аялдама басууга көнсөңүз, аралыкты эки аялдамага чейин көбөйтүңүз. Лифттен баш тартып, тепкич менен көтөрүлүүгө, түшкү тыныгууда сейилдөөгө, мүмкүнчүлүккө жараша унааны колдонбоого, ошондой эле бош убакытта көбүрөөк сейилдөөгө болот.

Кадамдардын так санын өлчөө үчүн кадам өлчөгүч сатып алуу же мобилдик телефонго атайын тиркеме орнотуу зарыл. Жүктөмдү акырындап жогорулатыңыз, мисалы, басууну 2-3 миң кадамдан баштап, күн сайын кадамдардын санын 500гө көбөйтүп туруңуз.

Жөө басууда темп бир топ тез болушу керек, бирок өзүңүздү ыңгайсыз сезбегидей болсун.

Белгилей кетсек, улгайган адамдарга күнүнө 3 миңден 5 миңге чейин кадам басуу сунушталат. Кандайдыр бир физикалык активдүүлүктү баштоодон мурун аларга үй-бүлөлүк дарыгер менен кеңешүү сунушталат.