Өзгөндүн Мырза-Аке айылына 60 орундуу заманбап оорукана курулду

Аймак Жүктөлүүдө... 26 Апрель 2025 11:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Курулуш 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы тендердик баасы 133 млн сомду түздү.

Үч кабаттуу жаңы имарат бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына жооп берет. Оорукана атайын медициналык жабдуулар менен толук жабдылып, келечекте жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.