Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Өзгөндө алимент төлөбөй жүргөн жаран бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Өзгөндө П.М. аттуу жаран балдарын багуу үчүн кирешесинин 1/3 бөлүгүн алимент катары төлөөгө милдеттендирилген.
Сот аткаруучулар тарабынан карызкорго алиментти өз ыктыяры менен төлөө тууралуу бир нече жолу расмий эскертүүлөр берилгенине карабастан, ал милдеттенмелерин аткаруудан баш тартып келген. Натыйжада, анын алимент боюнча карызы 279 миң180 сомду түзгөн.
Карызкор алимент төлөөдөн кыянаттык менен качып жүргөндүктөн, топтолгон материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко өткөрүлгөн.
2026-жылдын 8-апрелинде Өзгөн райондук соту ишти карап чыгып, П.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү ("Алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартуу") боюнча күнөөлүү деп табылды.
Соттун чечими менен ал 1 жылга эркиндигинен ажыратылды.