Өзгөндө акча алмаштыруу жайдын иши убактылуу токтотулду

Экономика 30 январь 2026 12:50
Өзгөндө акча алмаштыруу жайдын иши убактылуу токтотулду

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн шаарындагы борбордук базарда жайгашкан “Фуркат Валюта” ЖЧКнын алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, акча алмаштыруу жайы КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн лицензиясы 6-февралга чейин токтотулду.