Өзгөндө 550 миң сомдук алимент карызы өндүрүлдү

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 16:05
296914.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Өзгөндө Сот аткаруучулар кызматы 550 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карызды өндүрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Өзгөн райондук Сот аткаруучулар кызматынын өндүрүшүндө турган алимент өндүрүү боюнча иштин алкагында Ийри-Суу айыл аймагынын тургуну К.Ш. Г. тарабынан К.к. И. жарандын пайдасына 1/3 бөлүгүндө алимент өндүрүү каралган.

Бирок, акыркы жылдары төлөнбөй келген 550 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен накталай түрдө өндүрүлүп, жөлөк пул алуучуга мыйзамдын талаптарына ылайык өткөрүлүп берилди.