Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Өзгөн районунда 29 жаштагы келиндин асынып каза болгон фактысы Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 12-апрель күнү саат 19:00 чамасында болгон. Өзгөн РИИБге райондун 1997-жылы туулган А.к.А. аттуу тургуну өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар түшкөн.
Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуянын күбөлөрү суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлдү. Өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
"Текшерүү иштеринин жана экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Тергөө амалдары уланууда",- деп айтылат маалыматта.