Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Өзгөн районундагы Кандава айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда бетон орнотуу иштери аяктап, дубал тургузулууда.
Долбоорго ылайык, үч блоктон турган мектепте үч кабаттуу окуу корпусу, ашкана, китепкана жана спорт залы болот.
Курулуш иштеринин сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Жаңы мектеп айылдагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, окуучулар үчүн заманбап шарт түзүүгө багытталган.